Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 31.07.2018 17:07 На русском

Россияда курулушта иштеген 21 жаштагы жумгалдык жигит 6-кабаттан кулап каза болду

Turmush -  Россиянын Москва шаарында Жумгал районуна караштуу Чоң-Дөбө айылынын 21 жаштагы тургуну Доктурбек Саадатбек уулу курулуштардын биринде иштеп жатып, 6-кабаттан кулап кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок ал операциядан кийин эсине келбей көз жумган. Бул тууралуу «Жумгал ынтымагы» коомунун өкүлдөрү билдиришти.

Алардын айтымына караганда, Доктурбек курулуштардын биринде курулуш материалдарын жогорку кабаттарга ташып иштечү. Окуя 10-июлда болгон. Аны курулуш жайында кармаган жиби үзүлүп кеткен. Тилекке каршы, кошумча коопсуздук жибин колдонбогондуктан 6-кабаттан жерге кулап түшкөн.

«Күтүлбөгөн кырсык болуп, ошол эле күнү ооруканадан көз жумду. Биздин Москвадагы "Жумгал ынтымагы" коомуна элчиликтен жана диаспорадан кабар жеткиришкен. Биздин бул жакта иштеген жумгалдык туугандар акчалай жардам көрсөтүштү. Маркумдун сөөгүн мекенге жеткирүүгө жалпы 85 миң 892 рубль чогулду», - деп билдиришти аталган коомдон.

Маркумдун сөөгү 14-июлда Кыргызстанга алынып келинген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×