Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуКочкор району 31.07.2018 14:22 На русском

Кочкордо жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен 23 жаштагы айдоочу кармалды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң качып кеткен айдоочу кармалды.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 29-июлунда саат 23:00 чамасында Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 1975-жылы туулган А.Бакытты автоунаа сүзүп, айдоочу белгисиз тарапка качып кеткен. 30-июлда «Колго түшүрүү» операциясынын жүрүшүндө Кочкор районунун Туз айылынын 1995-жылы туулган тургуну бул кылмышка шектүү катары кармалган. Ошондой эле, ал башкарган «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа катылып турган жеринен ЖКККБнын издөө тобунун тескөөчүсү Н.Жапаров, Кочкор РИИБдин КМКнын ыкчам өкүлү А.Токтомамбетов жана К.Сакиев тарабынан табылып, айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Жабырлануучу учурда Кочкор райондук ооруканасында дарыланууда, абалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×