Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Г.Баратбаеванын кийизден жасалган эмгектерин туристтер баалап алышат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылынын 57 жаштагы тургуну Гүлайым Баратбаева жаш кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган эмгектерин туристтер баалап алышат. Анын кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Чебердин айтымында, кесиби боюнча эсепчи.

«Мен 1982-жылы Бишкек шаарынан 10 ай окуп, эсепчи кесибине ээ болуп, 35 жыл мамлекеттик жумуштарда иштеп жүрдүм. Жумушумдан сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенип, буйрутма менен шырдактын түрүн жасап, кошумча киреше тапчумун. Ал эми кийиз менен иштөөнү башкалар сымал эле апамдан үйрөнгөм.

1995-жылдан 2007-жылга чейин коомдук бирикмеде иштеп, эмгектерим Швейцарияга чейин сатылган. Учурда баалуу белектерди, чөнтөк телефон салгычтарды, бут кийимдерди, оюнчуктарды, асынма баштыктарды жасап, 3 жылдан бери көргөзмөлөргө катышып, бир топ сыйлыктардын ээси болдум. Ошондой эле Ак-Талаада өткөн Манас фестивалында жалпы эмгектерим бааланып, Алматыга 1 күндүк жолдомо утуп алгам. Учурда кыргыздын улуттук баалуулуктарын жасоого кызыккан кыз-келиндерге үйрөтүүдөмүн», - деди уз.

Кол өнөрчүнүн 6 баласы, 11 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 764
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×