Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусу, Нарын 30.07.2018 08:21

Нарында топурак басып калгандан кийин куткарылган 3 адам ооруканадан чыгарылды

Turmush -  Кечээ, 29-июлда Нарын шаарында суу түтүктөрүн алмаштыруу учурунда топурактын алдында калган 3 адамдын абалы туруктуу болгондуктан ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Нарын облустук ооруканасынан билдиришти.

Оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнүн дарыгери Айбек Манапбаевдин айтымында, 3 жабырлануучуну тең текшерүүдөн өттү.

«Бизге кечээ түшкү саат 15:45 чамасында жол жасап жаткан учурда топурак басып калган 3 адам келип түшкөн. 1981-жылы туулган М.Р.дин буттарынын булчуңдары жанчылган, беттеринде сыйрылган жаракаты бар экен. Экинчиси — 1985-жылы Р.Х.нын 2 тизесинде жаракаттары бар, көкүрөгү бир аз кысылып калган. Үчүнчүсү — 1971-жылы туулган Б.Ж.нын кашы жана тизеси сыйрылган. Бутунун булчуңдары бир аз жанчылган. Бардыгынын ооруган жерлерин рентгенге түшүрүп, керектүү дары-дармектерин жазып бердик. Денелериндеги жаракаттарды медицалык каражаттар менен тазалап, ооруну басаңдатуучу дарылар берилди. Абалдары туруктуу болгондуктан оорУканадан чыгарылды», - деди дарыгер.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 29-июлда Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы көчөдө суу түтүктөрүн алмаштырып жаткан 3 жумушчуну таш аралашкан топурак басып калганы кабарланган.

Аймактык кабарчынын айтымында, саат 15:30 чамасында аталган көчөдө суу түтүктөрүн алмаштыруу жумуштары жүрүп жаткан. Ошол учурда эксперимент катары түтүктөргө жиберилген аба басымынан түтүктөрдүн бири жарылып, иштеп жаткан адамдардын үстүнө таш аралашкан топурак түшкөн. Жумушчулардын экөө топурактын алдында калса, бирөөнүн башы гана чыгып турган. Аталган жерге милиция кызматкерлери, ӨКМдин куткаруучулары барып, жарым сааттын ичинде 3 жумушчу тең аман-эсен чыгарышкан. Аларга биринчи жардамды медициналык кызматкерлер көрсөтүп, андан кийин ооруканага алып кетишкен.

2018-жылдын 29-июнунда Нарын шаарынын Ж.Шералиев көчөсүндөгү суу түтүктөрдү алмаштыруу жана канализация киргизүү жумуштары башталган эле. Бул ири долбоор өкмөт менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында жүзөгө ашууда. Долбоордун жалпы наркы 25 млн еврону түзөт. Ал эми баштапкы инвестициянын наркы 5,2 млн евро экени маалымдалган.

«Нарын суу канал» ишканасынын башчысы Нурлан Максүталиевдин айтымында, долбоордун баштапкы инвестициясынын жумуштары 6 тендер менен ишке ашат. Курулуш иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн тендерде «Минур» жана «Профит-Экспресс» жоопкерчилиги чектелген курулуш ишканалары жеңүүчү деп табылган. «Минур» ишканасы таза суу түтүктөрүн алмаштырса, «Профит-Экспресс» ишканасы канализация системасын орнотот.

Нарын шаарында 3 аймакта: Ж.Шералиев көчөсүндө, Москва жана Чоң-Алыш аймактарында жалпы 8,2 км таза суу, 4,2 км канализация түтүктөрү реконструкцияланат. Бул иштерге 2,2 млн евро жумшалат. Мындан сырткары үнөмдөлгөн 1,8 млн евро менен кийинки жылы болжол менен дагы ушундай эле көлөмдөгү жумуштарды аткаруу пландалууда.

Курулуш ишинен сырткары инвестициянын эсебинен «Нарын суу канал» ишканасына жаңы кеңсе, лаборатория куруп, заманбап техникаларды, шаймандарды жана суу өлчөгүчтөрдү алуу пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×