Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусу, Нарын 29.07.2018 17:29 На русском

Сүрөт, видео — Нарында 3 адамды таш аралаш топурак басып калды

Turmush -  Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы көчөдө суу түтүктөрүн алмаштырып жаткан 3 жумушчуну таш аралашкан топурак басып калды. Алар аман куткарылганына Turmush басылмасынын кабарчысы да күбө болгон.

Аймактык кабарчынын айтымында, бүгүн, 29-июлда саат 15:30 чамасында аталган көчөдө суу түтүктөрүн алмаштыруу жумуштары жүрүп жаткан. Ошол учурда эксперимент катары түтүктөргө жиберилген аба басымынан түтүктөрдүн бири жарылып, иштеп жаткан адамдардын үстүнө таш аралашкан топурак түшкөн. Жумушчулардын экөө топурактын алдында калса, бирөөнүн башы гана чыгып турган.

Аталган жерге милиция кызматкерлери, ӨКМдин куткаруучулары барып, жарым сааттын ичинде 3 жумушчу тең аман-эсен чыгарылды. Аларга биринчи жардамды медициналык кызматкерлер көрсөтүп, андан кийин ооруканага алып кетишкен.

2018-жылдын 29-июнунда Нарын шаарынын Ж.Шералиев кɵчɵсүндɵгү суу түтүктɵрдү алмаштыруу жана канализация киргизүү жумуштары башталган эле. Бул ири долбоор Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү менен Европа реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында жүзɵгɵ ашууда. Долбоордун жалпы наркы 25 млн еврону түзɵт. Ал эми баштапкы инвестициянын наркы 5,2 млн евро экени маалымдалган.

«Нарын суу канал» ишканасынын башчысы Нурлан Максүталиевдин айтымында, долбоордун баштапкы инвестициясынын жумуштары 6 тендер менен ишке ашат. Курулуш иштерин жүргүзүү боюнча ɵткɵрүлгɵн тендерде «Минур» жана «Профит-Экспресс» жоопкерчилиги чектелген курулуш ишканалары жеӊүүчү деп табылган. «Минур» ишканасы таза суу түтүктɵрүн алмаштырса, «Профит-Экспресс» ишканасы канализация системасын орнотот.

Нарын шаарында үч аймакта: Ж.Шералиев кɵчɵсүндɵ, Москва жана Чоӊ-Алыш аймактарында жалпы 8,2 км таза суу, 4,2 км канализация түтүктɵрү реконструкцияланат. Бул иштерге 2,2 млн евро жумшалат. Мындан сырткары үнɵмдɵлгɵн 1,8 млн евро менен кийинки жылы болжол менен дагы ушундай эле кɵлɵмдɵгү жумуштарды аткаруу пландалууда.

Курулуш ишинен сырткары инвестициянын эсебинен «Нарын суу канал» ишканасына жаӊы кеӊсе, лаборатория куруп, заманбап техникаларды, шаймандарды жана суу ɵлчɵгүчтɵрдү алуу пландалган.

Дарыгер эмне дейт?

Тапурактын алдында калган 3 адамдын абалы туруктуу болгондуктан ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Нарын облустук ооруканасынан билдиришти.

Оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнүн дарыгери Айбек Манапбаевдин айтымында, 3 жабырлануучуну тең текшерүүдөн өттү.

«Бизге кечээ түшкү саат 15:45 чамасында жол жасап жаткан учурда топурак басып калган 3 адам келип түшкөн. 1981-жылы туулган М.Р.дин буттарынын булчуңдары жанчылган, беттеринде сыйрылган жаракаты бар экен. Экинчиси — 1985-жылы Р.Х.нын 2 тизесинде жаракаттары бар, көкүрөгү бир аз кысылып калган. Үчүнчүсү — 1971-жылы туулган Б.Ж.нын кашы жана тизеси сыйрылган. Бутунун булчуңдары бир аз жанчылган. Бардыгынын ооруган жерлерин рентгенге түшүрүп, керектүү дары-дармектерин жазып бердик. Денелериндеги жаракаттарды медициналык каражаттар менен тазалап, ооруну басаңдатуучу дарылар берилди. Алардын абалы туруктуу болгондуктан оорканадан чыгарылды», - деди дарыгер.

Кийинчерээк Өзгөчө кырдаалдар министрлиги топурак басып калган 3 адам «Профтех Экспресс» ЖЧКнын кызматкерлери экенин билдирди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×