Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуНарын району 26.07.2018 13:59

Жан-булактык тургун 11 жылдан бери дайынсыз болууда

Turmush -  Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын 58 жаштагы тургуну 11 жылдан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын РИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, 2007-жылдын июль айында Жан-Булак айылынын 1960-жылы туулган тургуну Молдалиев Темирбек Күрүчбекович үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см, чачы кара, ак чачтары бар, орто денелүү, оң көзүнүн үстүндө 0,3 см меңи бар, астыңкы жаагынын сол тарабында 0,3 см меңи бар.

Темирбек Молдалиевди көргөн-билгендер Нарын РИИБдин (03522) 5-16-51, 0705 05 33 77 телефон номурлары менен байланыша алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×