Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 20.07.2018 11:43 На русском

Ат-Башыдагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иши козголду

Turmush -  Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ат-Башы районунун прокуратурасынан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Ат-Башы районунун прокуратурасы Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарынын арызынын негизинде Казыбек айыл өкмөтүндө КРдин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын талаптарынын аткарылышын текшерди.

Текшерүү учурунда Д.Р. аттуу жаран айыл өкмөтүнүн башчылыгына мыйзамсыз келүү максатын көздөп, 2015-жылы жазында тууганы Д.Н.га кайрылып, өзүнүн эмгек китепчесине 2007-жылдын 25-апрелинен тартып 2012-жылдын 19-сентябрына чейин «Жумалы» дыйкан чарбасынын башчысы болуп иштеген деген жалган маалыматты жазып берүүсүн өтүнгөн. Андан кийин Д.Р. эмгек китепчесине жогорудагы жазылган маалымат чындыкка дал келбестигин билип туруп, 2018-жылдын 8-июнунда айыл өкмөттүн башчылыгына талапкерлигин көрсөтүү үчүн эмгек китепчесин башка зарыл документтер менен бирге Ат-Башы районунун аймактык шайлоо комиссиясына өткөргөн. Натыйжада Д.Р. КРдин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 48-беренесинин талаптарын бузуп, Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган жана аталган кызматка бекитилген.

Бул факты боюнча Ат-Башы районунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 1-2-бөлүмдөрүнүн (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгоп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 163-беренесине ылайык ишти Ат-Башы РИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берди.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×