Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.07.2018 14:05

Видео, сүрөт — Милициянын ардагери сүзгөн жөө жүргүнчүнүн башына операция жасалды

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында жол кырсыгына кабылган 30 жаштагы жергиликтүү тургундун башына операция жасалды. Бул тууралуу жабырлануучунун жубайы билдирди.

Анын айтымында, 1988-жылы туулган жолдошу Б.Нурбек жеке менчик дүкөндө эмгектенчү. Жол кырсыгынын алдында ал чачын кырктырганы чачтарачка бара жаткан.

«Жолдошумду унаа сүзүп кеткенде, ал аймактык оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнө жеткирилген. Жүлүндөн суу алганда кан аралаш чыкты. Дарыгерлер “Жакшы болуп кетет, дагы 10 күн жаткыла” деген болчу. Бирок жолдошумдун абалы оорлогондон оорлой берди. Бишкектеги дарыгерлерден сураштырып жатып, жүлүндөн кан чыкканы жакшы эместигин түшүндүк. Ооруканада 2 күн болгон соң, Бишкекке келдик. Бул жактан диагнозу башында кан уюп калган деп чыкты. 15-июлда Республикалык оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүндө жолдошума 4 саат бою операция жасалды. Учурда абалы оор, өзүнө келбей жатат. Дарыгерлер көпкө чейин чыкпайт дешти. Күнөөлүү тарап операциянын чыгымдарын төлөп беришти», - деди жабырлануучунун жубайы Жазгүл.

Буга чейин Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында мас абалдагы айдоочу жергиликтүү тургунду сүзүп кеткендиги маалымдалган.

ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн маалыматына караганда, окуя 12-июлда саат 15:30 чамасында Ат-Башы айылынын борборунда жайгашкан «Береке» базарынын жанында катталган. Анда «Тойота-Виндом» унаасын Ат-Башы айлынын 1952-жылы туулган тургуну К.Ж. башкарып бара жаткан. Ал аталган базардын жолунан түндүктөн түштүк тарабына өтүп бара жаткан Ат-Башы айылынын 29 жаштагы тургуну Н.Б.ны сүзүп кеткен. Жабырлануучу аймактык оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми айдоочу мас абалда болгондугу жана ал мурда милиция кызматында эмгектенип, учурда пенсиядагы милициянын ардагери экендиги аныкталган. Жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×