Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусу 18.07.2018 09:13

Нарын облусунда ушул жылы мал уурулук боюнча 23 адам кармалган (сүрөт)

Turmush -  2018-жылдын өткөн алты айында Нарын облусунун аймагында ички иштер органдары тарабынан 383 кылмыш иши катталып, ал өткөн жылга салыштырмалуу 94 фактыга көбөйгөн. Бул тууралуу журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйында облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев билдирди.

Маалым болгондой, облустук ички иштер органдарынын өндүрүшүндө болгон 515 кылмыш ишинин 373 тергелип, жалпы 307 кылмыштын бети ачылган. Кылмыштуулук айрыкча уурулук жана мал уруулук боюнча көп катталган. Мындай көрүнүш Ат-Башы районунда көп орун алган. Мал уурулук боюнча 23 адамдан турган 7 кылмыштуу топ кармалып, алар тарабынан 62 мал уурулук кылмыш иши жасалгандыгы аныкталган. Ошондой эле кыз ала качуу, зордук зомбулук, эрте никеге туруу, диний экстремизм боюнча боюнча кылмыш иштеринин бети ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×