Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.07.2018 08:27 Жаңыланды: 18.07.2018 12:54

Видео — Ат-Башыда мас абалда унаа башкарып бараткан милициянын ардагери жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында мас абалдагы айдоочу жергиликтүү тургунду сүзүп кетти. Бул тууралуу ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 12-июлда саат 15:30 чамасында Ат-Башы айылынын борборунда жайгашкан «Береке» базарынын жанында катталган. Анда «Тойота-Виндом» унаасын Ат-Башы айлынын 1952-жылы туулган тургуну К.Ж. башкарып бара жаткан. Ал аталган базардын жолунан түндүктөн түштүк тарабына өтүп бара жаткан Ат-Башы айылынын 29 жаштагы тургуну Н.Б.ны сүзүп кеткен. Жабырлануучу аймактык оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми айдоочу мас абалда болгондугу жана ал мурда милиция кызматында эмгектенип, учурда пенсиядагы милициянын ардагери экендиги аныкталган. Жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×