Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 16.07.2018 18:58

Ак-Талаада велосипед тээп бараткан өспүрүмдү унаа сүзүп кетти

Turmush -  Ак-Талаада шагыл жолдон велосипед тээп бара жаткан өспүрүмдү автоунаа сүзүп кетти. Анын баш мээси катуу чайкалып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы маалым болду.

Аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Калыс Өмүрзаков билдирген маалымат боюнча, окуя Нарын—Баетов унаа жолунда кечээ, 15-июлда саат 16:30 чамасында «Хонда Степвэгон» автоунаасынын катышуусунда болгон. Ал Ак-Талаа—Баетов унаа жолунун 86-чакырымындагы жаңы курулуп жаткан шагыл жолдо велосипед тээп бара жаткан 17 жаштагы баланы сүзгөн. Жабырлануучу 2001-жылы төрөлгөн С.Б. экени такталды.

Ал эми айдоочу — Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын 1995-жылы туулган тургуну С.А. өзүнө тиешелүү ак түстөгү «Хонда Степвэгон» автоунаасын башкарып бара жаткан.

Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, реаниматолог Эдил Усеновдун айтымында, өспүрүмдүн баш мээси катуу чайкалып, 1 сааттан кийин эс-учуна келген. Учурда ооруканада дарыланып жатат.

«Оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө саат 17:30 чамасында жол кырсыгына кабылган 17 жаштагы С.Б. жеткирилген. Анын баш мээси катуу чайкалып, жабык баш мээсинен жаракат алган. Учурда дарылап жатабыз. Анын абалы туруктуу, жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Акыл-эси жакшы, сүйлөп жатат», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×