Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуНарын району 16.07.2018 15:35

Нарын районунда жол кырсыктан жаракат алган 8 адамдын экөөнө операция жасалат (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен ооруканага жеткирилген 8 адамдын экөөнө операция жасалат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнүн травматолог-ортопеди Айбек Манапбаев билдирди.

«Бизге кечээ, 15-июлда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда жол кырсыгына кабылган 8 адам келип түшкөн. Алардын үчөөнүн жаракаты жеңил болуп, баш мээси бир аз чайкалган. Эки адамдын абалы оор. Бирөөсүнүн омурткалары сынып, баш мээси катуу чайкалган. Дагы биринин колу сынган. Учурда экөө операцияга даярдалып жатат.

Жеңил жаракат алган эки адам ооруканадан чыккан. Бирок келип көзөмөлдө болуп турат. Жабыркагандардын ичинен 3 адамды Бишкек шаарына текшерүүгө жибердик», - деди дарыгер.

Нарын ОИИБдин ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков бул кырсык тууралуу тергөө иштери жүрүп жатканын айтты.

«Кечээ, 15-июль күнү саат 15:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 356-чакырымында (Нарын району) "Форд Маверик" жеңил автоунаасы менен "Мерседес-Бенц" жүк ташуучу унаа кагышып, анын кесепетинен жабыркагандар Нарын облустук бириктирилген оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул жол кырсык боюнча тергөө иштери жүрүп жатат», - деп билдирди К.Өмүрзаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×