Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусу 16.07.2018 09:48

Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып, 8 адам жаракат алды (тизме)

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 8 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя кечээ, 15-июлда Кызыл-Жер аймагында жеңил унаа менен жүк ташуучу унаанын катышуусунда болгон.

Жол кырсыктан жабыркаган адамдар саат 17:00 чамасында Нарын облустук ооруканага жеткирилген.

Алар:

- Каракол шаарынын 55 жаштагы тургуну М.Г.;

- Алай районунун 58 жаштагы тургуну А.А.;

- Бишкек шаарынын 56 жаштагы тургуну С.Ж.;

- Нарындагы Куланак айылынын 29 жаштагы тургуну С.Т.;

- Алай районунун 56 жаштагы тургуну К.А.;

- Куланак айылынын 21 жаштагы тургуну Ж.Н.;

- Бишкек шаарынын 56 жаштагы тургуну К.А.;

- Куланак айылынын 28 жаштагы тургуну С.Т.

Жабыркагандардын ичинен 5 адам травматология бөлүмүндө болсо, экөө хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Жабырлануучулардын бири медициналык жардам алгандан кийин ооруканадан чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×