Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуКочкор району 14.07.2018 10:58

Эгиздер: Медина менен Мадина окшош эмес болгондуктан эгиз экенине көпчүлүк ишенбейт (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Чолпон айылындагы 19 жаштагы эгиздер Мадина менен Медина Артеловалардын эгиз экенине көптөр ишенишпейт. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Мадинанын айтымында, учурда Кыргыз мамлекеттик университетинде лингвистика факультетинде, Медина болсо япон таануу бөлүмүндө билим алып жатат.

«Атам менен апамдын тукумунда эгиздер болгон эмес. Апам эгиз деп укканда аябай сүйүнгөнүн айтып калат. Алар үчүн таң калыштуу болуптур. Мен 2 кг 800 гр, Медина болсо 3 кг 200 гр болуп төрөлгөнбүз. Медина менден 2 мүнөткө улуу. Бирок биз окшош эмеспиз. Ошондуктан туугандар оңой эле айырмалашчу. Кичине кезибизде окшош кийинип жүрсөк деле бат эле айырмалап коюшчу. Менин мүнөзүм ачык, адамдар менен оңой тил табышып, бат эле сүйлөшүп кетем. Медина болсо олуттуу. Мен апама аябай окшошмун, эгизим атама аябай окшош», - деди ал.

Окуучу кезде мектепте аларды эгиз эмес, жөн гана жакын курбулар деп ойлогондор көп болчу.

«Биз эгиз болсок да бат урушуп, кайра бат табышабыз. 4-5 жашыбызда болуш керек Медина экөөбүздүн кийизден жасалган чокойлорубуз бар болчу. Эмнени бөлүшө албай кеткенибизди билбейм, бирок Медина чокоюмдун бирөөсүн алып туруп, күйүп турган плитканын үстүнө таштап коюптур. Анан ал чокойум күйүп, аны көрүп алып мен дагы жиним келип Мединанын бир чокоюн мештин үстүнө таштап койгом. Ошентип экөөбүздүн эң жакшы көргөн чокойлорубуз күйүп кеткен.

Мындан сырткары мектепте да окуп жүргөндө да, окшош кийинип жүрчүбүз. Мектепте башка окуучулар «биз эгизбиз» десек ишенбей, «жок силер жөн эле жакын курбуларсыңар» деп ишенбей коюшчу. Бирок чоңойгон сайын окшошуп бара жатабыз. Бош убактыбызда ырдап жана китеп окуйбуз. Келечекте дүйнө жүзүн кыдырып келсек деген максаттарыбыз бар», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×