Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 13.07.2018 19:04 На русском

Долларды чапчыган чыгым: Бири күйүп, экинчиси талкаланган унаанын айдоочусу жол кырсыктын чоо-жайын айтып берди

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен күйүп кеткен жүк ташуучу унаанын жана талкаланган унаанын жалпы чыгымы 90 миң долларды түздү.

Кочкор районунун Сүттүү-Булак айылынын аймагында 2018-жылдын 11-июлунда саат 08:00 чамасында «Рено» жана «Вольво» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен Кытай Республикасынан Бишкекке курулуш материалдарын жүктөп бара жаткан «Вольво» унаасы толугу менен өрттөнүп кеткен. Айдоочусу жеңил жаракат алып, Кочкор райондук аймактык ооруканасына барып, медициналык жардам алган. Ал Сокулук районунун 1984-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну болуп чыкты.

Ал эми Нарынга бара жаткан «Рено» унаасы талкаланган. Айдоочусу Кочкор районунун Мантыш айылынын 1972-жылы туулган Т.Т. аттуу тургуну болгон. Ал айдап бара жаткан унаа башка бирөөнүкү болгон жана Т.Т. ага жалданып иштеп жүргөн.

Эки унаа тең Кочкор РИИБдин айып пул төлөөчү жайына жеткирилди.

Нарындык айдоочу Т.Т. окуянын чоо-жайын мындайча айтып берди.

«Маңдайдан чыккан унаа кулаганда эле өрт чыкты. Ал бурулуштан кайрылганда унааны токтото албай, өзүмдү жоготуп койдум. Мен унааны жай айдап бара жаткам. Ал унаа маңдайдан чыкканда эле унааны түз алдым да, ага урунардын алдында рулду бурдум. Бирок болбой эле катуу келе жаткан унаа менин унаамды кагып кулады. Мен унаадан кантип секирип кеткенимди билбейм, эшикти ачып эле секириптирмин. Ошол жерде учкай бурулуш бар. Унаа өрттөнүп жатканда ичинде 3 киши бар экен, алар дагы сыртка чыгышты», - деди Т.Т.

Ал эми «Вольвонун» айдоочусу Т.А. аймактык кабарчыга бул окуя тууралуу маалымат бере албастыгын, абалы оор экендигин айтты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Кытай Республикасынан Бишкекке курулуш материалдарын жүктөп бара жаткан айдоочунун жалпы чыгымы 65 миң долларды түзгөн. Анын ичинен курулуш материалдардын баасы 45 миң доллар болсо, унаанын өзү 20 миң доллар турган. Ал эми «Рено» унаасынын баасы 25 миң доллар болгон.

Милиция кызматкерлеринин маалыматына караганда, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда күйүп кеткен унаа боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, 2018-жылдын 11-июлунда эртең мененки саат 08:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 225-чакырымында (Сүттүү-Булак участкасында ) «Рено» (мамлекеттик номуру 05KG 928 AAS) жана «Вольво» (мамлекеттик номуру 05KG 541 AAB) унаалары кагышкан. Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө маалымат саат 08:18де түшүп, беш адамдан турган куткаруучу топ окуя болгон жерге саат 08:45те жетишкен. Саат 10:00дө унаадагы өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×