Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусу, Нарын 13.07.2018 12:50 На русском

Видео — Нарында катуу шамалдан учкан көп кабаттуу үйдүн чатыры 2 унаанын үстүнө кулады

Turmush -  Нарын шаарында катуу шамал катталып, көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти. ӨКМдин маалыматына караганда, кечээ, 12-июлда саат 17:15 чамасында Кулумбаев көчөсүндөгү №39 көп кабаттуу үйдүн 170 чарчы метр чатырын шамал (20 м/с) учуруп, кире беришин жаап, 2 унаанын үстүнө түшкөн.

ӨКМдин №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге барып, турак үйдүн учкан чатырын коопсуз жайга жылдырып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×