Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 12.07.2018 08:15

Бала тили — бал: Идиш жууйм, кээде чарчап жуубай коём - 6 жаштагы Инайя (видео, фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Ак-Талаа районунун Баетов айылында жашаган 6 жаштагы Инайя Максатбекова.

Инайянын апасы Самара Садыгалиева кийим оңдоочу болуп иштесе, атасы Максатбек Жукешов райондук архитектурада эмгектенет.

«Инайя — араб тилинен кыргыз тилине которгондо камкордук же камкорчу дегенди түшүндүрөт. Кызыбыздын ысымын атасы өзү койгон. Эң кенже кызыбыз», - деди апасы С.Садыгалиев.

- Инайя атаңдын аты ким жана каякта иштейт?

- Папамдын аты Максат. Ал үй салып иштейт.

- Апаңдын атычы, ал кайда иштейт?

- Самара. Кийим тиккич болуп иштейт.

- Сен канча жашка чыктың?

- Алты.

- Чоңойгондо ким болгуң келет?

- Чач жасагыч.

- Ырчылардан кимди жакшы көрөсүң?

- Мына минтипти (Съездбек Искеналиевдин ыры).

- Бала бакчага барасыңбы же мектепке барасыңбы?

- Садикке.

- Атыңды ким койду эле Инайя деп?

- Атам.

- Атаңды жакшы көрөсүңбү же апаңды жакшы көрөсүңбү?

- Атам экөөнү.

- Үйдө бош кезде эмне кыласың?

- Жомок айтып берем. Мамама.

- Эмне деген жомокторду айтып бересиң?

- Колобокту, анан неме айтып берем эки чычкан жалкоо болгон жомокту айтып берем.

- Сени апаң эмне деп эркелетет?

- Жаным, каражаным деп эркелетет.

- Атаңчы?

- Папам деле.

- Бала бакчада кимдер менен доссуң?

- Арууке анан Алин, дагы Сезим.

- Баарынан кимди жакшы көрөсүң?

- Анткени мамамды аябай жакшы көрөм. Мамам деген жатаарда жомок айтып берип турат.

- Апаң сага эмне сатып берет?

- Мамам, неме акчасы жетип калган нерселерди сатып берет.

- Атаң жумуштан кеч барабы?

- Кээде эрте барат, кээде кеч келет.

- Атаң жумуштан кеч барса апаң урушабы?

- Урушпайт.

- Сен үйдөн тентектик кылып койсоң апаң урушабы?

- Ооба. Чымчып эле урушуп коёт.

- Сен эмнелерден коркосуң?

- Жөргөмүш, анан чиркейлерден. Чиркейлер чагат да. Анан аарыдан корком.

- Кандай унаалар жагат. Чоңойгондо кандай унаа айдайсың?

- Машина айдабайм. Машиналарды кайда сатат билбейм да.

- Үйдөн эмне жумуш жасайсың?

- Идиш жууйм, кээде жуубай коём да. Чарчайм. Эжем идиш жуубай койдуң деп урушат.

- Кыргызстандын президенти ким, билесиңби?

- Сооронбай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×