Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Баракелде

Адистин кеңеши: Өрт кырсыгын алдын алуу эрежелери

Turmush -   Жайдын аптаптуу ысыгында талаадагы куураган чөптөр жана бак-дарактардын өрттөнүп кетүү коркунучу өтө жогору. Ошондуктан жаратылыш койнуна эс алууга чыкканда, деги эле күнүмдүк турмуш-тиричиликте өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону адистер эскертишет.

Өрт
Айрыкча жаш балдардын ширеңке менен ойноосуна жол бербей, тамеки тартууда этият болуп, эс алууга барган жерлердеги очоктогу оттун чокторун толук өчүрүп, өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо менен тилсиз жоонун алдын аласыз.

ӨКМдин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде эле республиканын аймагында 30 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган. Катталган өрт кырсыктарынын ичинен 21 учур куураган чөптөрдүн жана бак-дарактардын өрттөнүшү болгон.

Мисалы, тамеки тартуудагы этятсыздыктын айынан Бишкек шаарынын Биринчи май районунда ачык аянтта 50 чарчы метр куураган чөп жана 1 куб отун күйгөн. Ошондой эле белгисиз себептерден Чүй облусунун Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында жалпы 650 чарчы метр болгон чөпкана, 16 куб жыгач жана 1 баш торпок күйүп кетти.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылында 1 тонна тоют чөп жана 1 түп бак күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 507
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×