Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 10.07.2018 13:49

Нарын шаарында кɵрнɵк-жарнактарга рейд жүргүзүлдү

Turmush -  Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери Нарын шаарындагы кɵрнɵк-жарнактарга рейд жүргүздү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындай иш-чара үстүбүздɵгү жылдын 27-июнунда жүргүзүлүп, текшерүү учурунда шаардагы бир катар жеке соода-сатык кылган күркɵлɵрдүн жана калкты тейлɵɵ жайларынын сыртындагы кɵрнɵк-жарнактар мамлекеттик тил мыйзамына туура келбегендиги белгилүү болгон. Алардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, талаптар аткарылбаса мыйзамга ылайык чара кɵрүлɵрү тууралуу расмий билдирүү калтырылган.

«Бул текшерүүдɵ башка тилде жазылган айрым гана кɵрнɵк-жарнактар алынганына күбɵ болдук. Тилекке каршы, кɵпчүлүгү жыйынтык чыгарбагандыктан күркɵ ээлерине мыйзамдуу чара кɵрүлɵрү билдирилди. Бир катар күркɵ ээлери кɵрнɵк-жарнактарды кайрадан жасатуу акча каражатын талап кылгандыгын айтуу менен аларды алмаштыруу үчүн дагы бир аз убакыт берүүнү ɵтүнүштү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×