Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Нарын

Нарында Гүлниса Тилеберди кызы памирликтердин ыкмасында өрмөк согууну көрсөтүп берди (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарында жашап жатышкан памирлик кыргыздар 28-июнда Нарын шаарында өткөн «Кыргыз шырдагы» фестивалында конокторго өрмөк согууну көрсөтүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

35 жаштагы Гүлниса Тилеберди кызынын айтымында, 16 жашынан тарта өрмөк согуп келет.

«Мен бул өрмөк согууну турмушка чыга электе 16 жышымда үйрөнгөм. Ошол кезден баштап бир топ түрүн үйрөнүп, куржун, ат жабуу, боз үйгө боо жана башкаларды даярдадым. Өрмөк согуунун түрү болот. Бизде терменин эндүү, айнуска, кырчак, эки жүздүү, сыңар кочкор, короо көчөт, коен кулак жана башка көп түрү жасалат. Азыр бул фестивалда эки жүздү деген түрүн согуп, көрсөтүп жатам. Бул түрү кичине оорураак, эки жагы тең бирдей болушу керек. Бул жакта жиптер бир аз башкача экен. Памирде катуу жана бышык болот.

Силерде кыздар өрмөк согууга кызыгышпайт тура. Памирде кыздар 10-12 жашынан баштап эле үйрөнүп башташат. Жыйырма жашка чыккан кыз-келиндер бул өнөрдү билишет», - деди Гүлниса Тилеберли кызы.

Каарманыбыз дагы ушундай кол өнөрчүлөрдүн сынактарына катышууну көздөөдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 551
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×