Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Нарын

Нарында А.Жутакеевдин 130 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Нарын районунун Жан-Булак айылында кыргыз адабиятында көркөм адабий мурастары менен акындар поэзиясына зор салым кошкон жазгыч акын, кол жазма адабиятынын ири өкүлү Абылкасым Жутакеевдин 130 жылдыгы салтанаттуу белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарага Ысык-Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан, Кочкор, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунан атайын өкүлдөр жана Жогорку Кеңештин депутаттары, облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраева, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев жана айыл тургундары катышты. Иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаттары, профессордун милдетин аткаруучу Сыдык Иманалиев «А.Жутакеевдин чыгармачылыгындагы эл тагдыры жаңы доордун көркөм чагылдырылышы», тарых илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжамал Эсеналиева «А.Жутакеев — өз заманынын залкары» деген темадагы илимий макалалары боюнча баяндама жасашты. Иш-чаранын катышуучуларына М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театрынын өнөрпоздору жана А.Жутакеев атындагы орто мектебинин жаш таланттары чакан программадагы концерт тартуулашты.

А.Жутакеев 1888-жылы Нарын районундагы Жан-Булак айылында төрөлгөн. Ошол кездеги оор турмуш, көкөйүн кескен жокчулук да анын алгачкы ырларынын мазмунуна айланат. Ал арабча кат таанып үйрөнгөн. Жамактап ырдап жүрүп эл оозуна алынып калган кезинде Үркүнгө туш келген. Элдин көргөн азап-тозогун «Кайран эл» ырында чагылдырган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 407
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×