Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 10.07.2018 09:38

Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата логотип иштеп чыгуу боюнча сынак өтөт

Turmush -  Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарынын 150 жылдыгын жогорку деӊгээлде уюштуруу жана ал иш-чараны кооз жана таанымал белгинин (логотиптин) алдында ɵткɵрүүнү камсыз кылуу максатында ачык сынак ɵткɵрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, жеӊүүчү деп табылган логотиптин варианты шаардын мерчемдүү жерлерине орнотулуучу кɵрнɵк-жарнактарга, папка, китеп, чакыруу барак, блокнот, калем саптарга жана башка продукцияларга түшүрүлүп, 150 жылдыкты белгилɵɵдɵ кеӊири колдонулат.

Логотипке коюлуучу негизги талаптар:
- Шаардын тарыхын, символикаларын, географиялык ɵзгɵчɵлүктɵрүн, флора, фаунасын чагылдыруу (бардыгын же бир гана композицияны тандап алууга жол берилет);
- Кыргыз элинин оймо-чийме жана башка кооздоо элементтерин колдонуу жана эстетикалык жактан кɵзгɵ толумдуулугуна, кооздугуна жана жарашыктуулугуна маани берилет.

Сынактын жеӊүүчүсү атайын диплом жана 5 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү акчалай сыйлык менен сыйланат. Сыйлык Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинде салтанаттуу түрдɵ тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×