Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.07.2018 15:15

Жеңеке: Ак-талаалык Надзуура жеңенин жаңы келин болгондо итке жасаган тамагы күйүп кетип убара болгон (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы 33 жаштагы Жунусова Надзуура жеңе жаңы келин болгондо итке тамак жасап убара болгон. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Динмухаммед экөө 10 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Кесиби боюнча чет тилчи мугалим. 7 жылдан бери банк тармагында иштейт. Алгачкы эмгек жолун борбор калаадагы №5 кесиптик лицейинде баштаган.

«Студент кезимде кичинекей окуучу кызга англис тилинен жардам берип турчумун. Бир жолу окуучу кызга бара жаткан элем. Жолдон өтүп бара жатсам чачтарачта иштеген курбу кызымдын жанында бир жигит турат. Ал жигит ошол чачтарачта иштеген курбу кызымдын башка курбусунун жигити экен. Таанышып калдык, аты Динмухаммед экен. Ага жагып калган окшойм, мени бура бастырбай жүрүп, өзүнө тартып алды. Акыры турмуш куруп жашап калдык. Жолдошум азыр Баетов айылынан Бишкекке жүргүнчүлөрдү ташып иштейт. Андан сырткары унааларды жакшы оңдогондуктан унаа ондоочу жайда дагы иштеп киреше табат», - деди Надзуура жеңе.

Каарманыбыз буга катар эле жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуясын айтып берди.

«Анда Бишкекте жашайт элек. Кичи тамда тамак жасап, өзүбүз чоң үйдө тамак иччүбүз. Бир күнү жумуштан келип үйдөгүлөргө тамак жасап бүтүп, иттин дагы курсагы ачты деген ойдо мешке итке дагы тамак асып койдум. Ошол бойдон унутуп калыптырмын. Бир маалда эстеп кетип кыйкырып жибердим. Кайын энем чочуп кетип «эмне болду?» деп сурады. Мен билмексен болуп сыр билдирбей, күлүп коюп сыртка чыгып кеттим. Барсам иттин тамагы күйүп, жабышып калыптыр. Кайнаганына жок дегенде эле 1 сааттай болуп кеткен экен. Бирок үйдөгүлөр жытынан эле билип коюшту. Мени уялтпайлы дештиби айтор унчугушкан жок. Андан кийин мискейди бир топ күндө араң жууп тазалагам», - деди ал.

Жеңеке буга катар эле ысымынын коюлушу жөнүндө да айтып берди.

«Надзуура деген ысымды таенем коюптур. Азыркы Карды-Жарык аймагында Калпа деген чоң молдо болуптур. Ал молдонунун байбичесинин аты Назура экен. Ошол байбичедей жакшы аял болсун деп ырымдап койгон экен. Анан төрөлгөндүгүм туурасында күбөлүккө Надзуура деп жазып салышкан экен. Ошол бойдон Надзуура болуп жүрөм», - деди ал.

Надзуура жеңе 2 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×