Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Нарын

Нарындагы сейил бакта башкалар талкалап кеткен отургучтар оңдолду (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Сейитаалы Жакыпов атындагы «Смарт-парк» сейил багындагы башкалар тарабынан талкаланган отургучтар оңдолду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынын адиси Нурлан Кайыпов билдирди.

Маалыматка караганда, аларга кошумча дагы 3 отургуч жасалды.

«Отуручтар мэриянын алдындагы «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан 1-2 күндө калыбына келтирилип бүткөрүлдү. Буга чейин отургучтардын бардыгы таштан болуп орнотулган, биз аларды шаардыктарга ыңгайлуу болушу жана муздак, сыз өткөрбөөсү үчүн жыгачтан 3 отургучту оңдодук. Буйруса кийинки жылы отургучтардын барын шаардыктарга, эс алуучуларга ыңгайлуу кылып толук жасап берүүнү пландаштырып жатабыз. Ал эми отургучтарды талкалап кеткен тургундар боюнча ким экендигин тактай албай жатабыз. Бул боюнча укук коргоо органдары иштеп жатышат», - деди Кайыпов.

Аталган сейил бак 2017-жылы 19-октябрда Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ачылган. Ал Нарын педагогикалык колледжинин алдында жайгашкан. Буга чейин парк 1 млн доллардан ашык каражатка оңдолуп, Сейитаалы Жакыпов атындагы «Naryn Smart Park» аталып калган болчу. Парктын аймагында интернетти акысыз колдонууга мүмкүн. Ошондой эле чоңдор үчүн спорттук шаймандар орнотулуп, балдар аянтчасы да жасалган.

Окуя тууралуу:

Өткөн жылы Нарын шаарында ачылган «Смарт парк» эс алуу багындагы отургучтарды айрым тургундар талкалап баштаганы маалым болгон.

Парктын ачылганына 1 гана жыл болсо да четинен бузулуп баштаган.

Андан кийин:

Отургучтардын бирин сындырган өспүрүмдөр боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болгон.

Мэриянын алдындагы «Таза Нарын» ишканасынын жашылдандыруу бөлүмүнүн башкы агроному Байдылда Орунбаевдин айтымында, паркты аталган ишкананын эки кароолчусу көзөмөлдөйт. 1-июлда кароолчулардын бири саат 22:30га чейин парктагы бак-дарактарды сугарып кеткенден кийин отургучтардын бирин сындырып кетишкен.

Бул факты боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө билдирүү жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жаткан болчу.Нарын шаарында парктагы отургучтарды өспүрүмдөр

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×