Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 07.07.2018 18:37 На русском

Кастамону шаарынын вице-мэри Нарынга келди. Жакында чоң паркты реконструкциялоо иштери башталат (сүрөт)

Turmush -  Түркия мамлекетинин Кастамону шаарынын вице-мэри Ахмед Севгидиоглу жана Кастамону университетинин ректору Сейит Айдин баштаган расмий топ кечээ, 6-июлда Нарын шаарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын февраль айында жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнɵн турган расмий топ Түркияда болуп, Кастамону шаары жана Анкара шаарынын Этимесгут району менен Нарын шаарынын ортосунда ɵз ара кызматташуу келишими түзүлгɵн. Эки тарап кол койгон достук жана кызматташуу келишимине ылайык, Кастамону шаарынын мэри Таксин Бабаш Нарын шаарындагы бир паркты заманбап реконструкциялоо иштерин колго ала турганын билдирген эле. Расмий топ менен Нарын жергесиндеги иш сапарда ушул келишимде камтылган маселелер боюнча баарлашуу жүрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө шаардагы «Алма бак» паркын кɵрүшүп, курулуш ишин баштоо тууралуу сүйлɵшүүлɵр болгон.

Буга чейин февраль айындагы сүйлɵшүүлɵрдɵн кийин реконструкциялоо үчүн Түркияга Нарын шаарындагы үч парктын долбоору жиберилген эле. Түрк боордоштор алардын ичинен чоӊураак жана жолго жакын болгон «Алма бак» паркын тандап алышкан.

Бул жолу Кастамону шаарынын биринчи вице-мэри аталган паркты реконструкциялоонун алдын ала жасалган долбоору менен тааныштырды. Долбоорго ылайык, 4 гектарга жакын аянтты ээлеген паркта бассейн, балдар ойноочу аянтча, жаштар, орто жаштагы жана улгайган адамдар ɵз-ɵзүнчɵ спорт менен машыгуучу жана кɵӊүлдүү эс алуучу жайлар боло турганын, ошондой эле ар түрдүү бак-дарактар отургузуларын билдирди. Мындан тышкары жакынкы күндɵрдɵ парктын долбоору толукталып, тендерден уткан жергиликтүү ишканалар тарабынан түркиялыктардын каражаты менен курулуш иштери баштала турганы белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×