Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 06.07.2018 16:57

Жумгалдын Көк-Ой айылында 1,7 млн сомго ветеринардык клиника курулуп, пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Көк-Ой айылында 1 млн 794 миң 930 сомго ветеринардык клиника курулуп, анын кызыл тасмасы кесилди. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, ветклиника БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Социалдык өнүгүү министрлигинин биргелешкен долбоору аркылуу Россия Федерациясы тарабынан каржыланган.

Эми айылдагы мал-жандыктар жайлоого чыгарда жана жайкы кыркын учурунда көп тармактуу бул ветклиникадан текшерүүдөн өтүшөт. Жергиликтүү тургундар буга чейин ветклиниканын жана адистердин жоктугунан кыйналып келишкен.

Кызыл тасма кесүү аземине өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Сапаров жана АРИСтин Кыргызстандагы директорунун орун басары М.Эмилбеков катышты.

Жумгал районунда буга чейин жалпы 9 жаңы ветклиника курулуп, пайдаланууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×