Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 06.07.2018 16:05

Нарын шаарында жергиликтүү тургун арыкка түшүп кетип каза болду

Turmush -  Нарын шаарында 54 жаштагы эркек киши арыкка түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаарындагы Городок аймагында 1964-жылы туулган А.С. аттуу тургун үйүнүн түндүк тарабында жайгашкан жолдун боюндагы арыкка түшүп кеткен. Анын жансыз денеси 4-июлда эртең менен табылган.

Милиция кызматкерлери маркумдун денесине кароо жүргүзүп, жыйынтыгында анын киши колдуу болбогондугу белгилүү болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 54 жаштагы киши үйүнө мас абалда бара жаткан.

Бул факты боюнча маркумдун жакын туугандарынан тийиштүү көрсөтмөлөр алынып, сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×