Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 06.07.2018 14:04

Элдик уламыш: Кожомкул балбан Ой-Кайың жайлоосунда 700 кг салмактагы 2 ташты көтөрүп койгон (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун тескейиндеги Ой-Кайың жайлоосунда 1 боз үйдүн кулачындай болгон таштын үстүнө 700 кг салмактагы эки ташты колу менен көтөрүп койгон Кожомкул балбандын эрдигин активист Нуркан Асеинов аймактык кабарчыга айтып берди.

«Сүрөттө турган таштын көлөмү 1 боз үйдүн кулачындай. Ал эми анын үстүндөгү 1 таштын салмагы болжол менен 600-700 кг. Ал жерге негизи балбан эки ташты көтөрүп барып койгон. Бирок анын бирин тургундар тоголотуп салышкан», - деди ал.

Каба уулу Кожомкул 1888-жылы Суусамыр өрөөнүндө туулган. Кыргыздын саяк уруусунан чыккан дүйнөлүк алп балбан. Атасы Кошуна уулу Каба күчтүү балбан болгон. Энеси Алмадай эр сайышка түшкөн. Кожомкул 15 жашында дасыккан 45 жаштагы балбанды жыккан. Өмүр бою күрөштө, эңиште эч кимге жеңилген эмес. Эл оозунан алынган маалыматтар боюнча, жаш кезинде салмагы 400 кг өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жашында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө бийиктиги 1 метр 60 см, жоондугу 1 метр 89 см ташты 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×