Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 06.07.2018 12:29

Нарын районундагы малчылардын ден соолуктары текшерилүүдө (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Нарын райондук бийлиги тарабынан алыскы жайлоодогу малчылардын ал-абалы суралып, ден соолуктары текшерилүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райадминистрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 4-июлда район жетекчилиги дарыгерлерди, мал догдурларды, айыл өкмөттөрдү ээрчитип, Ак-Кудук, Жалгыз-Терек жана Эмгек-Талаа айылдарындагы Соң-Көл жайлоосун жайлаган малчылардын абалын сурады. Алардын көйгөйлөрүн угуу менен бирге мал ооруларынын алдын алуу боюнча текшерүү иштери жүрдү. Кийинки жумада жергиликтүү бийлик Солтон-Сары, Арпа жана Ак-Сай жайлоолорундагы малчыларга барышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×