Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуНарын району 06.07.2018 10:16

Нарын районунда жазма акын А.Жутакеевдин 130 жылдык мааракеси белгиленет

Turmush -  Нарын районунда туңгуч жазма акын Абылкасым Жутакеевдин 130 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу мааракени уюштуруу тобунун мүчөсү Замир Асаналиев билдирди.

Маалым болгондой, маараке 6-8-июль күндөрү Жан-Булак, Учкун, Дөбөлү жана Орток айылдарында өтөт.

«А.Жутакеев атындагы орто мектебинде негизги иш-чара өтүп, мектептин фойесине акындын бюсту коюлат. Ат-Башы ГЭСине экскурсия уюштурулат. Ошондой эле Дөбөлү маданият үйүндө жана Орток айыл аймагында эл менен жолугушуу өткөрүлүп, акындын чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар берилет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×