Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Нарын

Нарында 6 саат бою тынбай «Манас» эпосунан үзүндү айтылды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында 7 облустан келген 15 манасчы 6 саат бою тынбай «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Сагынбай Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасында өттү.

«Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 7 облуста 3 күн, 3 түн "Манас" эпосунан үзүндү айтуу иш-чарасын уюштурдук. Учурда Таласта, Жети-Өгүз, Аксы райондорунда жана түштүк аймакта айтылып жатат. Мал киндиктүү Нарын облусунда да "Манас" эпосунан үзүндү айтуу кызуу жүрүп жатат. Кече күнү да тарыхый жерлерде айтылды. Көбүнчө ыйык жерден таң аткыча айткан учурлар болуп жатат. Мындан кийинки сапарыбыз Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда уланмакчы. “Манас үнү жаңырса, кыргыз касиети ойгонот” дейт. Андыктан бул иш-чаранын максаты — ар бир кыргыздын касиетин ойготуу.

Эл "Манас" эпосун жандуу укпай калды. Теле-радиодон угат, ал жактан "Манастын" касиети, сүрү жоголуп кетет. Ошондуктан жандуу угуу керек», - деди иш-чаранын уюштуруучусу Нурбек Талантбеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 767
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×