Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Нарын

Ак-Талаада мас абалда милиция кызматкерин сабап, формасын тыткан шектүү кандай жаза алды?

Turmush -  Нарындагы Ак-Талаа райондук соту милиция кызматкерине кол көтөрүп, анын кызматтык кийимин айрыган деп шектелип жаткан Талантка (ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Билдирүүдө айтылгандай, 2018-жылдын 23-мартында саат 19:40 чамасында милиция кызматкери Канат (ысымы өзгөртүлдү) кызматын өтөп жүргөндө Талант менен жолуккан. Мас абалдагы Талант тартип сакчысынын айтканына баш ийбей, анын формасын тытып, погонун жулуп алып, өзүн бет тушка соккон.

Мындай тартип бузуудан кийин тергөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында райондук сот Талантты шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыратты. Анын бир жылы сыноо мөөнөтү катары эсептелет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1555
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×