Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуНарын району 05.07.2018 13:33

Айыл турмушу: Гүлдүн 35 түрүн өстүргөн Н.Шапакова аларга балдарындай кам көрөт (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 37 жаштагы тургуну Назира Шапакова гүлдөргө өз баласындай кам көрүп, анын 35 түрүн өстүрөт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин гүлдүн 45тен ашык түрүн өстүрүп, бирок кош бойлуу кезинде бир нече гүл өспөй, соолуп калган. Андан кийин кайра гүлдөрүн жакшы карап, багып жатып, көбөйтүп алган. Бала кезинен тарта гүлдү жакшы көргөн айым гүлдөрдүн аттарын жатка билет.

«1981-жылы Нарын районунун Куланак айылында төрөлгөм. 5 бир туугандын улуусу болом. Жолдошум экөөбүз 2 уул жана 4 кыздын ата-энесибиз. Эң улуу балам аскерде, андан кийинки кызым быйыл мектепти аяктады. Калгандары мектепте окушат. Негизи бала кезимен эле гүлдү аябай жакшы көрчүмүн. Себеби апам гүл өстүрчү. Турмушка чыккандан кийин гүлдүн түрлөрүн өстүрүп баштадым. Учурда гүлдүн түрүн 35ге жеткирдим. Кош бойлуу кезимде гүлдөрүм каралбай калды. Андан кийин кайра жаңы түрлөрүн кошуп жатып көбөйтүп алдым», - деди ал.

Гүлдөрдүн ар бирине кам көрүү эрежесин билгенин айткан айым: «Гүлдүн бардык түрүнө кызыгам. Ар бир гүлүмдүн аттарын жатка билем. Атыр гүл, герань, алтын балык (золотая рыбка), глоксиния, маранта, кол чатыр (зонтик), молочай, кактус, кислица, көпөлөк (бабочка), калла, кытай розасы, кайненин тили (бул бөлмөдөгү жагымсыз жыттарды соруп алат), бальзамин сыяктуу гүлдөрдү өстүрүп жатам. Гүлдөрдү отургузуунун да эрежелери болот. Мисалы, мен көбүнчө баштык байлап отургузам. Топурагы жумшак, кара, жеңил болушу керек. Жаратылышка эс алганы барганда топурак алып келем. Көбүнчө Алыш айылынын топурактарынан жолдошум алып келип берет. Аларды отургузганда витамин болсун деп жумуртканын сыртын майдалап кошом. Өз маалында суу куюп, күндү жакшы көргөндөрүн сыртка алып чыгып, күн көрсөтүп, жалбырактарын тазалайм. Бир жолу кадимки эле базарда саткан майлык (салфетка) менен чоң жалбырактуу гүлүмдү тазаласам агарып, жукарып кетти. Аларды кантип колдонуп жатканыбызды билбейм. Аны колдонбоо керек экен. Гүлдөрдү 3 күндө бир, кышында 1 жумада бир жолу сугарабыз. Гүлдөрдүн айрымдары сууну аз ичсе, айрымдары көп ичет. Гүлдүн бул өзгөчөлүгүн билип алуу кажет», - деди.

Каарманыбыз көп убактысын гүлгө арнагандыктан балдары кызганышат.

«Маанайым жок болгон учурда гүлдөргө суу куйсам, кадимкидей жакшы болуп, өзүмдү жакшы сезип калам. Гүл адамдагы терс энергияны да тартып алат. Балдарым "бизден дагы гүлдөрүңүздү жакшы көрөсүз деп" калышат (күлүп). Эми гүлдүн дагы башка түрлөрүн өстүрүүнү пландап жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×