Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуНарын району 05.07.2018 08:03

Айыл турмушу: Төрөтканага жете албай, талаадагы сарайдан төрөт кабыл алган акушер П.Сырдыбаева (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылындагы фельдшердик-акушердик пунктта 30 жыл бою акушер болуп эмгектенген Перизат Сырдыбаева менен аймактык кабарчы таанышты.

Перизат Сырдыбаева 1970-жылы Эчки-Башы айылында төрөлгөн. 9 бир тууганы бар. Анын айтымында, жумушунда оор да, кызыктуу да окуялар байма-бай болуп турат.

«Мен мектепти Эчки-Башы айылынан бүтүп, Нарындагы медициналык училищага тапшыргам. Окууну аяктаган соң Тогуз-Торо районуна барып, ал жерде 2 жыл иштедим. 1990-жылы өзүмдүн эле жердешиме турмушка чыктым. Учурда 7 балабыз бар. 2013-жылы “Баатыр эне” наамын алдым. Жолдошум дыйкан чарба менен алектенет», - деди ал.

Каарман учурдагы кызматы жөнүндө да айтып берди.

«Учурда айылдагы ФАПта акушер болуп иштейм. Бул тармакта иштегениме 30 жыл болуптур. Айылда калктын саны 1500 адам. Биздин бөлүмдө 3 орто бидимдүү медициналык кызматкер жетишип иштөөгө аракет жасайбыз. Башкы көйгөй дарыгер жок, ар кандай бейтаптар келет, аларга алгачкы жардам берип, алыбыз келбегендерге Нарындан тез жардам чакырабыз.

Мындан 25 жыл мурун мен жаңы окууну бүтүп ФАПка келгенде бир аял толготуп калды. “Чыдайм, жетем” дегенинен аны төрөтканага алып баруу үчүн жолго чыктым. Бирок ал чыдабай калды. Айла кетип, жолдогу сарайдан төрөттүм. Бул окуя такыр эстен кетпейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×