Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Нарын

Кочкор менен Жумгалдын чабандары жайыт талашпайт, - аким Н.Керимкулов

Turmush -  Кочкор менен Жумгалдын чабандары Соң-Көл жайлоосунда жайыт талашпарын Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Соң-Көл жайлоосунда эки райондун чабандарынын ортосунда жайыт талашуу маселеси курч алган. Бирок өкмөттүн токтомунун негизинде убактылуу колдонулууга берилген жайыт жерлерди туура пайдалануу үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

«Биз быйыл өзүбүздүн Түндүк жайлоосундагы жайыттарды 2-3 жылга жаптык, себеби жайыт кыртышы бузулуп, такырайып кеткен. Ошон үчүн биздин чабандарды ички жайыттарга батырдык. Батпай калган кыркка чукул чабанды долбоор менен ошол ижарадагы Соң-Көл жайлоосуна алып бардык. Ал жакка баруу жолу да татаал, оңой эмес. Буга чейин биздин чабандар жолу татаал, алыс болуп барышчу эмес. Жайыт комитеттери менен кеңешип, бул маселени чечкенбиз.

Негизи Жумгал районуна тиешелүү жайыттарды 2020-жылга чейин убактылуу алганбыз. Ал боюнча токтом бар. Эми 18 жылдан бери салыгын төгүп келе жатышкан биздин чабандар ал жерлерге эмнеге байырлабашы керек? Мен Жумгал районунун акими А.Сапаровго кат жолдогом. Эми 2 жыл болсо да чабандарыбыз барып, байырлашы керек. Өзүбүздүн жайлоо ачылса, биздин чабандар ал жакка уча тартса да барышпайт», - деди Н.Керимкулов.

Соң-Көлдө Кочкор районуна тиешелүү жалпы 16 миң гектарга чукул жайыт бар.

«Быйыл биздин кыркка чукул чабаныбыз ошол Соң-Көлгө барышты. Чабандардын бири-бирине болгон пикирлери, мамилелери түз. Уруш же чыр деле чыккан жок. Бул маселе боюнча облус башчысы А.Кайыпов да тапшырмаларды берген. Эки райондун башчылары жеринде чабандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз», - деди ал.

Буга чейин Нарын облусунун Жумгал районунун Соң-Көл жайлоосунда чабандардын жайыт талашуусу башталгандыгын Жумгал райондук жайыттар ассоциациясынын төрагасы Кылычбек Чокоев билдирген болчу.

Анын айтымында, 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» мыйзамынын жана бул мыйзамга тиешелүү өкмөттүн токтомдорунун негизинде коомдук башталгычтагы иш алып барып жаткан жайыт комитеттеринин иш жүргүзүүлөрүндө райондор аралык тышкы чек араларды тактоодо мүчүлүштүктөр болуп, учурда көйгөйлөр жаралып жатат.

«Соң-Көл жайлоосундагы убактылуу башка райондорго берилген жайыт жерлер өздөрүнүн союз убагындагы чыныгы пайдалануучу ээлерине берилбегендиктен жайлоодогу чабандардын ортосундагы пикир келишпестиктер орун алууда. Бул жайыт жерлер союз мезгилинде райондун Кызыл-Туу колхозунан Кочкор районунун Ленин колхозуна убактылуу гана пайдаланууга берилген. Ал эми 2009-жылдагы мыйзамдын негизинде райондор аралык чек араларды тактоодо иш алып баргандардын чийген картасында бул жерлер талаптагыдай такталбастан түшүрүлгөн. Ошол кездеги облустук, райондук маанидеги комиссиялардын иш аракеттери болгон эмес. Бирок мындай жайыт маселелери өкмөт тарабынан 2020-жылга чейин чечилери айтылган. Ошол жылга чейин мыйзамды сыйлоо менен иш алып баралы дегенбиз. Бирок аталган жайыт жерлерге Кочкор районунун бийлиги чабандарын конфликтке алып баруучу жолдор менен көчүрүп келүүдө. Атап айтсак, жайыттын сыйымдуулугун эске албастан, эки райондун чабандарын чырга түртүүдө. Эгер мындай өз билемдик менен иш алынып барылса, жайыт пайдалануучулардын ортосунда катуу чыр чыгышы мүмкүн. Ошондуктан жайыт жерлерди өз ээлерине кайра кайтарып берүүңөрдү өтүнөбүз урматуу өкмөт мүчөлөрү», - деди К.Чокоев.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 857
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×