Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Нарын

Жубайлар: Алты баласынан айрылган жубайлар кыйынчылыктарды бирге жеңип, 77 небере-чөбөрөлүү болушту (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында жашаган жубайлар — Эрмекул Узакбаев менен Жаңыл Төлөсүнова 63 жыл бирге жашап, 14 бала, 60 небере жана 17 чөбөрөнүн ата-энеси болушту. Жубайлар менен аймактык кабарчы таанышты.

Учурда Э.Узакбаев 79 жашта болсо, жубайы 78 жашта. Ал 16 жашында үйлөнгөн. Убагында колхоздо бригадир жана механик болуп эмгектенген. Жубайы экөө абдан кыйын жашоодо чоңоюп, турмуш-тиричилик өткөрүшкөн. Жубайлар жалпы 20 балалуу болуп, бирок алардан 14 эле бала калган.

«9 жашыма чейин ушул айылда болдум. Согуш басылгандан кийин колхоздо араба айдап иштедим. 1965-жылдан баштап колхоздо бригадир, тракторго механик болдум. Андан кийин ар түрдүү жумуштарда эмгектендим. 1955-жылы байбичем экөөбүз үйлөндүк. Атамдын агасынын аялы инсульт болуп, колу кыймылдабай калганда аны багасыңар деп бизди эрте үйлөнтүп коюшту. Байбичем 15 жашта, мен 16 гана жашта болчумун. Кудайга шүгүр 14 бала, 60 небере жана 17 чөбөрөбүз бар. Балдарыбыз, келиндерибиздин баары ынтымактуу, ыймандуу», - деди Эрмекул ата.

Жаңыл апа 1940-жылы Эмгекчил айылында төрөлгөн. Турмушка даяр эмес кезинде эле үй-бүлө куруп, андан кийин жашоого бышкан. Ал жаш кезинде дайыма колхоздо иштеп, анын кесепетинен 6 баласы чарчап калган.

«Жаш үйлөнүп, бала-чакалуу болуп, дайыма колхоздо иштедик. Ал жакта саанчы болуп, чөп чаап, айтор колхоздун бүт жумушун жасадым. Бир баламдын төрөлгөнүнө 20 эле күн болгондо талаага жумушка чыккам. Ошентип жүрүп эле балдарымды чоңойттум. Учурда 8 келиним бар, алар ынтымактуу. Баарына көз салып турам. 20 бала төрөп, алардын алтоо каза болуп калды. Балдарды үйгө камап коюп жумушта иштедик. Ажалы жеткени каза болуп калып жатты. Баламды бешикке бөлөп коюп, кампада иштеп жүргөндө баламды көрүп келейин дегенден уялчумун. Мен келгенде балам ыйлап же ыйлап бүтүп, ээси ооп жатып калчу эле. Иштеп жүрүп ооруп калдык, азыр бат-баттан дарыланып, үйдөн чыкпайм», - деди баатыр эне.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3851
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×