Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 02.07.2018 13:53

Жаш талант: С.Таштанбекова 7 жылдан бери бийлеп, кароо-сынактарга катышып келет (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 12 жаштагы тургуну Сезим Таштанбекова 7 жылдан бери бийлеп, көптөгөн кароо-сынактарга катышып келет. Анын өнөрүн аймактык кабарчы көрүп келди.

Жаш таланттын айтымында, апасынын бийлегенин көрүп, бийге кызыгуусу арткан.

«Менин апам бардык бийдин түрүн абдан жакшы бийлейт. Ал айылыбыздагы балдар билим берүү борборунда окуучуларга бийден сабак берет. Апамдын бийлегенин көрүп, бийге болгон кызыгуум артып, 5 жашымдан бери андан сабак алып келем. Учурда бардык улуттун бийлерин билем. Мектепте концерттик иш-чараларда бийлеп жана көп жылдан бери сынактарга катышып, 1-орундарга ээ болуп келүүдөмүн. Мындан тышкары быйылкы жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, айылыбыздагы Космира эжеден үйрөндүм. Буга чейин уз таенем Турдубүбүнүн жасаган кол эмгектерин көрүп кызыга берчүмүн. Аны учурда ишке ашыруудамын. Ошондой эле апам бийдин формаларын тигип жатканда ага жардам беришем.

Бош убактымда сүрөт тартууга абдан кызыгып, кагаз бетине жаратылышты, канаттууларды түшүрүп жана англис тилин үйрөнөм. Келечекте дүйнө жүзүн кыдырып, котормочу болууну кыялданам», - деди ал.

Сезим үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси. Ал быйыл айылдагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин 5-классын аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×