Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 02.07.2018 11:15

Кочкор 72 күн кыргыздардын борбору болгон

Turmush -  Улуу Октябрь революциясынан кийин 1918-жылы Орто Азия элдери (анын ичинде кыргыздар) Түркстан автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы аталып, Россиянын курамына кирет. 1919-жылы түрк комиссия түзүлүп, Түркстандагы бардык иштерди башкарган. Бул комиссияны Ш.З.Элиева жетектеп, М.В.Фрунзе, Я.Э.Рудзутак, Г.И.Бокий, Ф.Н.Глошекин сыяктуу адамдардан туруп жергиликтүү калктардан мүчө болгон эмес. 1920-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасы түзүлдү. Россиялыктар казактарды ал кезде кыргыз дегендиктен, кыргыз-казактарды бириктирип автономиялуу республикага айландырган. Бирок бул казактар үчүн жакшы болгон менен кыргыздар үчүн коркунуч жараткан. Түндүк кыргыздар чек арасы боюнча казактарга, түштүктөгүлөр Түркстан АССРинин курамында калат. Негизинен Түркстан АССРинин курамында турган кыргыздар бул республиканын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд облустарынын курамында болуп чачкын жайгашкан. Алсак, Чүй, Ысык-Көл кыргыздары Жети-Суу облусунда, таластыктар Сыр-Дарыя, Баткен аймагы Самарканд, Ош, Жалал-Абад жактагы кыргыздар Фергана облусуна баш ийген. Көпчүлүк убакта кыргыз калкынын кызыкчылыктары эске алынбай, майдаланып, жоголуп кетүү коркунучу турган эле.

1921-жылдан баштап кыргыздын алдыңкы адамдары өз алдынча автономия алууну эңсеп демилге көтөрө баштаган. Алматада болгон кеңешмеде биринчи жолу Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү маселеси көтөрүлөт. Анткен менен бул маселе чечилбей, Казак АССРине Жети-Суу жана Сыр-Дарыя областары берилмек болот. Кыргыздар мурда бир автономиялуу республиканын курамында болсо, эми эки автономиялуу республикага бөлүнүп кала турган болот.

1922-жылы мартта кыргыздын баш көтөргөн жигиттери Жети-Суу областык кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкерим Сыдыков, Түркстан АССРинин эл агартуу комиссариатынын мүчөсү Ишеналы Арабаев, партиянын Семирьече обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жусуп Абдрахманов кыргыздар жашаган жерлерди бөлүп алып, Тоолуу Кыргыз облусун түзөбүз деген маселе көтөрүшөт. 1922-жылы 23-март Түркстан компартиясынын Борбордук комитетинин катчылыгы Түркстан Республикасынын курамында Тоолуу Кыргыз областын түзүү жөнүндө чечим чыгарат. 26-мартта болсо ТҮРК БАКтын кичи президиуму курамында Кара-Кол, Пишкек, Нарын уездери, Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүгү кирген Тоолуу Кыргыз областын түзүү жөнүндө чечим кабыл алат. Облустун борбору кылып Кочкор кыштагын бекитишет. Ошентип азыркы Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын аймактары кирген Тоолуу кыргыз автономиялуу облусу түзүлөт. Бул облуска Кыргызстандын түштүгүн киргизбегенинин себеби, аймактагы басмачылар менен согуш аяктагандан кийин жиктелет дешкен. Казактар бул ишке каршы чыгып, «Казак, кыргыз бир улут. Экөөнү ажыратыш бир улутту жасалма жол менен эки улутка бөлүп койгонго барабар» дешет. Алар Ысык-Көл сыяктуу кооз жерлерден ажырагысы келген эмес. Бир жарым айдан кийин кээ бир кыргыз жетекчилери өздөрү Тоолуу Кыргыз облусун түзүү чечимине каршы чыга баштады (Бүткүл союздук аткаруу комитетинин ыйгарымына кирген маселени Түрк БАК чечип койгон).

Кыргызстандын жетекчилеринин ичинде Рахманкул Кудайкулов башында турган топ казактардан бөлүнүүгө каршы чыгып, «Тоолуу Кыргыз обласын түзүү долбоорунун өзү улутчулдук, анын артында бай манаптык элементтер турат» деп чыкты. Аны Ташкенттеги жана Алматадагы казак улутундагы жетекчилер колдоп чыгышкан. Кыргыздардын кээ биринин бөлүнбөйбүз деп чыккандар көбүнчө Түркстан аткаруу комитети тарапта жүрүп, чоңдорду колго алып , бийликке келгендер болгон. Эгер бөлүнсө кызматыбыздан ажырайбыз деп чочушкан. Эки топтун ортосунда катуу күрөш жүрдү. Бул күрөшкө кочкорлуктардан Кыробкомдун бөлүм башчысы Баатыркан Мээрканов ( кийин 1930-31-жылдары ВКП (б) БКнын Орто Азия бюросунун жоопту катчысы), казак-кыргыз аскер комиссарынын орун басары, алгачкы большевик, революционер Ыйманбай Орозалиев, РКП (б) Кара-Кол уездик комитетинин төрагасы Баялы Исакеевдер да активдүү катышкан.

Партиянын Жети-Суу обкому 1922-жылдын 4-июнунда Пишпекте Тоолуу Кыргыз облусунун уюштуруу съездин чакырды. Ага 425 делегат катышты. Съезди дунган улутунан Жандосов, Масанчиндер колдоого алышкан. Ташкенттен келген жетекчилер бул уюштуруу съездин «даярдоо съезди» деп атап, уюштуруу съездин болсо күзгө белгилешет. Бул жолу да «Тоолуу облус Казак АССРине киреби же РСФСРгабы?» деген талаш-тартыш менен бир чечимге келе алышпай тарашты. Кошчу облустук бирикмесинен теги боюнча казактын абла уруусунан чыгып, кийин кыргыздашып кеткен теги кедей Рахманкул Кудайкулов, Дүйшөкан Бабаханов жана кээ бир түштүк Кыргызстандагы уездердин жумушчулар тобу Казакстандын ичиндеги автономияга ыкташты.

7-8 күндөн кийин Сталинден “Пишпек деген шаарда өткөн сьездге ким уруксаат берип, эмне маселе каралганын, делегаттардын курамы кимдер экени” суралып кат келген. Сталиндин телеграммасынан соң Түркстандык, Жети-Суулук бийлик сьезди чакырбай калышат. 1922-жылы сентябрда В.И.Ленин «Мамлекети жок улуттардын баарына автономия берилсин»-деген чечим чыгарат. Муну укканда Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Ыбырай Тойчунов, Жайнак Саадаев жана башкалар Бүткүл союздук аткаруу комитетине, Эл комиссарлар советине, РКП(б) БКга кат жолдошот. Катка “Казактардан, өзбек, тажиктерден башка да Кара Кыргыз деген облус бар. Кара Кыргыздардын белгисиздиги саясий, чарбалык, маданий курулуш иштерин артка тартууда, кара кыргыздарды өз алдынча улут деп таанууну талап кылабыз” деген пикирди жазышат. Бул жолу катка автономиялуу облус түзүү тууралуу сөз кылышпайт. Эгерде өз алдынча улут катары тааныса, токтомго ылайык автономия берилет –деген ойдо болушкан.
РКП(б)нын Борбордук комитети 1922-жылы декабрда Тоолуу Кыргыз областын түзүү боюнча мурда кабыл алынган бардык документтерди мыйзамсыз деп таап, анын уюштуруучуларын улутчулдар, контр революциенерлер деп күнөөлөштү. Ошентип, борбору Кочкор кыштагы аталган Тоолуу Кыргыз облусу 72 күн гана өмүр сүрдү. Эгерде абла уруусунан чыккан Рахманкул Кудайкуловдун, Токмок шаардык аткаруу комитетинин катчысы Дүйшөнаалы Бабахановдун солчулдар тобу, экинчиден манап тегиндеги Абдыкерим Сыдыков баштаган оңчулдардын топтук күрөшү болбогондо, балким азыр Кыргыз Республикасынын борбору Кочкор кыштагы ( шаары) болуп турмак.

Кочкор району, журналист Майрамбек Деркенбаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×