Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 02.07.2018 10:13

Айыл турмушу: С.Саркожоева 10 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен киреше таап келет (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын 54 жаштагы тургуну Сүйүн Саркожоева 10 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен киреше таап, буйрутма менен иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүктү апасынан үйрөнгөн.

«Менин курагымдагылардын көбүнчөсү эле кол өнөрчүлүктү өз энелеринен үйрөнүшсө керек. Мен да апамдан үйрөнүп, бул иш менен киреше таап жатам. Акыркы 10 жылдан бери Кыргызстандын ичине жасаган эмгектеримди сатып жана буйрутма менен шырдактын оюмдарын оюп берем. Ошондой эле боз үйдүн чачысын жасап, курак курап, түймө түйүп, көлдөлөңдөрдү үйгө жана кыздарымдын себине жасап жатам. Менин жолумду 2 кызым жолдоп, иштүү болушту. Мындан тышкары сүрөт тартам», - деди чебер айым.

Ишмердин жолдошу Турганбай Канапиев экөөнүн баш кошконуна быйыл 33 жылдын жүзү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×