Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 02.07.2018 08:09

Кочкордогу №15 кесиптик окуу жайды А.Саадабаев жетектейт

Turmush -  Кочкор районундагы №15 кесиптик окуу жайдын директору болуп Саадабаев Абдилбек Алганбекович дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган окуу жайдан кабарлашкан.

Буга чейин окуу жайдын директору болуп келген Макеев Кубанычбек Кадыкеевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу менен кызматынан кеткен эле.

Абдилбек Саадабаев 1980-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Алты бир туугандын улуусу.

1986-жылы Чекилдек айылындагы орто мектепке кирип, 1996-жылы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебин аяктаган.

1996-2001-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетин аяктаган. Эмгек жолун Кыргызстандын Эл аралык университетинде эл аралык мамилелер кафедрасында окутуучу болуп баштаган.

2002-2004-жылы Кара-Күңгөй кредиттик союзунда кредиттик комитеттин төрагасы, 2004-2007-жылдары С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде тарых жана философия кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.

2007-2008-жылдары Жаңы-Жол орто мектебинде информатика мугалими, 2008-2017-жылдары Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинде директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары, 2017-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген.

2017-жылдын ноябрынан баштап кайрадан Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинде директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенип келе жаткан.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×