Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 30.06.2018 10:24

Айыл турмушу: Г.Жолдошева келини менен бирге кол өнөрчүлүк кылып киреше табууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын 55 жаштагы тургуну Гүлдарика Жолдошева 2 жылдан бери келини экөө кол өнөрчүлүк менен киреше таап келишет. Алар менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Гүлдарика Жолдошеванын айтымында, кол өнөрчүлүктү апасынан үйрөнүп, турмушка чыккандан кийин жасай баштаган.

«Менин бала чагымда айылда баарыбыздын апаларыбыз кол өнөрчүлүк менен алектенишкен. Башкалардай эле апамдан аялзатына тиешелүү болгон өнөрдү үйрөнгөм. Окуумду бүтүп, турмуш жолуна аттанган соң үйрөнгөндөрүмдү жасап, сата баштадым. Ошондон азыркы күнгө чейин шырдак, бут сүргүч, баалуу белектерди, кыздын себин толугу менен жасап, шоона ийрип, буйрутмалар менен иштешип келүүдөмүн. Буга чейин айылдагы бала бакчада ашпозчу болуп эмгектенгем. Жаш кезимде өзүмө жана балдарыма кийим тигип берчүмүн.

Эки жыл мурун Дилбар аттуу жакшынакай келиндүү болгом. Анын жөндөмдүүлүгүн көрүп, ага билгендеримди үйрөтүп жатам. Ал мага кол кабыш кылып, экөөбүз иштешип келебиз. Алдыда ишкана ачып, айылыбыздагы кызыккан бош келиндерге үйрөтүп, аларды жумуш орду менен камсыздайын деген оюм бар», - деди ал.

Келини Дилбар Жамалиева турмушка чыкканга чейин кол өнөрчүлүккө кызыккан эмес.

«Мен Жумгал районуна караштуу Жумгал айылында төрөлүп өстүм. Апам кол өнөрчүлүк кылчу. Бирок ага деле кызыгып жасашчу эмесмин. Кара-Суу айылына турмушка чыккандан кийин апамдын (кайненеси) ишмерлигин көрүп, кызыгуум арта баштаган. Шырдак жасоону толугу менен үйрөнүп, апамдын жолун улап, айылдын алдыңкы чеберлеринин бири болоюн деген оюм бар», - деди ал.

Г.Жолдошеванын жолдошу Болот Абыкеев экөөнүн баш кошконуна 37 жылдын жүзү болду. Алардын 6 баласы, 10 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×