Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 23.07.2018 21:58 На русском

Суу жылан менен бакадан тамак жасаган Самет: Тоолуктарга күйөө бала болгон түрк жигити Нарында ашпозчулук менен алектенүүдө (фото)

Turmush -  басылмасы «Жезде» рубрикасын улантат. Бул жолку каарманыбыз кыргыз кызына баш кошкон түрк жигити Самет Ардыч Нарын шаарында ашпозчулук менен алектенип келет. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы маектешти.

Самет Ардыч 1984-жылы Түркия мамлекетинин түштүгүндөгү Кахраманмараш шаарында төрөлүп, Мугла провинциясынын Бодрум шаарында чоңойгон. Кесиптик лицейди бүтүрүп, 12 жашынан бери ашпозчулук кесипти аркалап келет.

«Кесиптик лицейде окуп жүргөн учурда, тактап айтканда 12 жашымда эле окуудан тышкары туугандарымдын кафелеринде ашпозчунун жардамчысы болуп иштегем. Лицейди бүтүргөндөн кийин 1995-жылдан тартып Түркиядагы мейманканаларда, ресторандарда ашпозчу болуп иштеп баштагам.

Алгач кафелерде, чакан мейманканаларда ашпозчулукту өз алдымча үйрөндүм. Себеби, бул багытта эч кандай билим алган эмесмин. Негизи балык, суу жылан, бака жана башка деңизде жашаган жандыктардан тамактын түрлөрүн жасоого басым жасап иштедим. Тажрыйбамды андан ары өнүктүрүп, кийин чоң мейманканаларда, ресторандарда башкы ашпозчу болуп эмгектендим», - деди ал.

Самет Ардыч 2010-жылы келинчеги Назира менен таанышып, анын аркасынан эки жылдай чуркаган.

«Келинчегим Назира менен Түркиядан таанышып калдым. Ал 2010-жылы мен иштеген мейманканалардын биринде иштеп калды. Алгач аны көргөндө эле жактырдым, ал дагы мени жактырганын кийин айтты. Бирок Назира бир мүнөз кыз болгондуктан, анын аркасынан чуркаганга туура келди. Өзүм ашпозчу болгондуктанбы, айтор жубайымды өзүмө тамак аркылуу тарттым окшойт (күлүп). Ошентип 1-2 жыл келинчегимдин аркасынан жүгүрүп, 2012-жылы баш коштук. Баш кошкон жылы Түркиядан Ак-Талаа районунун Баетов айылына барып, жубайымдын ата-энесине жолуктум. Ошентип 8 ай Кыргызстанда туруп калдык. Бул учурда мага Кыргызстан аябай жагып, бул жерде калууну эп көрдүм. 2015-жылы Түркиядан биротоло көчүп келдик.

Алгач Бишкекте чакан кафе ачып иштетип жүрдүм, бирок ишим жакшы жүрүшкөн жок. Себеби, бул жерде түрк даамдарын сатуу кыйын, тамактарды жасоого кеткен каражатты актабай калат экен. Ошентип жүрүп Нарындан жумуш чыккандыгына байланыштуу ушул жерге келип иштеп калдым. Азыр Борбордук Азия университетинде ашпозчумун. Кыргызстан аябай берекелүү жер экен, Түркиядан күндөп-түндөп иштеген акчабыз өзүбүздөн ашпайт. Ал эми бул жерде аз алсаң дагы, көп алсаң дагы баарына жеткирсең болот экен», - деди каарманыбыз.

Учурда келинчеги экөө бир уулду тарбиялап жатышат. Жубайы экөөнүн ортосунда 5 жаш айырма бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×