Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 22.07.2018 20:46 Жаңыланды: 23.07.2018 08:07

Айыл турмушу: Ак-талаалык айдоочу Т.Абдракманов кыздарына сеп даярдап, шырдак жасайт (видео, фото)

Turmush -  «Айыл турмушу» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 55 жаштагы тургуну Тилек Абдракманов. Ал кичинесинен бери эле шырдак шырып, кыздарга сеп даярдайт.

Т.Абдракманов 1963-жылы Баетов айылында туулган, төрт уулу, бир кызы жана эгиз небереси бар. Өмүрлүк жубайы мектепте мугалим болуп эмгектенет.

«Өзүм 8 бир тууганмын. Үйдүн эң кичүүсү болгондуктан апама көп жардам берчүмүн. Аны менен чогуу шырдак шырып, камыр жууруп, тамак жасачумун. Бир шырдакты 20-25 күндө шырып бүтөм. Эркек болгондон кийин сыртта дагы жумуштарды аткарам. Эгер бош болуп, жалаң гана шырдак шырыганга отурсам, анда 15-18 күндө эле бүтөм. Төрт уулум бар. Төртөөнө тең өзүм шырдак жасап бердим. Учурда эң кичүү кызымдын себин даярдап коёлу деп бул шырдакты шырып жатам. Айрымдар: "Жубайы туруп, шырдак шырыганы эмнеси?" деп дагы айтышы мүмкүн. Жубайым кырсыктап калып, балдак менен басып калды. Ошол себептен шырдак шырыганга туура келип жатпайбы. Бир кездерде буйрутма берип шырытышчу. Бирок шырдак эмес, кичирээк бут кийим сүргүчтөрдү жасачумун. Буга деле намыстанбайм. Илгери, 1945-жылдары атам апама бут менен тээп кийим тиккен машина берген экен. Ошол апамдын оокатын азыркыга чейин колдонуп, олпок жасайм. Байбичем сырткы кабын тигип берет, мен ичине өлчөмү менен синтепонун салып, тигип чыгам», - деди ал.

Союз учурунда Россиянын Горький шаарындагы аскердик училищада аскердик милдетин өтөп, өмүр бою айдоочулук кесипти аркалап келе жаткан Тилек жезде райондук ооруканада тез жардам унаасын айдап, андан кийин башкы дарыгерлердин айдоочусу болуп эмгектенген. 33 жылдан бери атасынан калган «Москвич» автоунаасы менен такси кызматкери да болуп, бир күндө 1 миң сомго чейин киреше таап келет.

«Убагында беш жүзгө чукул канаттуу бактым. Алардын ичинен үндүк, тоок, каз, ал тургай коён бактым. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, учурда бодо мал багабыз. Мал баккан сарайым бар. Төрт уулум тең аскердик милдетин өтөп келишти. Жогорку билимдүү, бир уулум мектепте мугалим. Бирөөсү Бишкекте троллейбус айдайт, кичүүсү жакында эле аскерден келди. 83 аскердин ичинен "Мыкты жоокер" наамын алып келди», - деди ал.

Жубайы экөө 30 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×