Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусу, Нарын 14.06.2018 13:48

Нарында айт намаз борбордук аянтта окулат

Turmush -  Эртең, 15-июнда Орозо айт намазы Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында окулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук казыятынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара борбордук аянтта эртең мененки саат 07:00дө башталып, дин тууралуу баяндар айтылып, андан соң саат 08:00дө намаз окулат. Айт намазга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да келери күтүлүп жатат.

Өткөн жылы Айт намаз борбордук аянтта окулуп, ага 5 миңден ашык адам катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×