Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Нарын

Кара-Кечеден Бишкек ЖЭБге көмүр ташыган айдоочулар иш ташташты (фото)

Turmush -  Нарын, Ысык-Көл облустарынан оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары 20 күн мурун иш ташташкан. Алар Кара-Кечеден Бишкек шаарындагы ЖЭБге көмүр ташуу кызмат акысын көтөрүп берүү талаптары менен Балыкчы шаарындагы Нарын шоссесинде тараза көзөмөлүнүн жанында унааларын токтотуп турушат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Үч жылдан бери айдоочу болуп иштеп жаткан Балыкчы шаарынын тургуну Айбек Ибраимовдун айтымында, көмүр ташуу кызмат акысы 10 жылдан бери 800-850 сомдон болуп жатат.

«Бүгүнкү күндө солярканын баасы көтөрүлүп, унаа тетиктери да күндөн-күнгө кымбаттаганына байланыштуу ЖЭБге көмүр ташуу кызмат акысын 1500 сомго чейин көтөрүп берүүнү талап кылып жатабыз», - деди ал.

Дагы бир айдоочу Жаналы Чолпонбаевдин айтымында, учурда көмүр ташып келүү акысы чыгымдарды актабай жатат.

«Мурун солярка арзан кезинде көмүр тартып келүү акысына 1000 сомдон алсак, солярка кымбаттаганда акыны 800 сомго түшүрүп салышты. Учурда кызмат акы чыгымдарды актабай калды. Бул маселе боюнча Балыкчы шаарынын мэриясына кайрылганбыз, анда тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүн чогултуп беребиз дешкен. Буга чейин эки жолу жыйын болду, биринен да жыйынтык болгон жок. Өкмөткө кат жолдогонбуз, 14-июнда тийиштүү кишилер келет деген жооп алдык, күтүп жатабыз. Солярка 45 сом болду, бир эле дөңгөлөгүбүздүн баасы 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин болуп жатат.

Тендер өткөргөндө бул жерде биздин маалымат боюнча 17 компания бар экен. Алар өздөрүнө менчик машиналарды сатып алышып, өздөрүн гана ойлоп жатышат. Жергиликтүү айдоочулар четте калып жатабыз. Бул жакта турганыбызга 20 күндөн ашып калды. ЖЭБге көмүр ташуу кызмат акысын көбөйтүп берүүсүн өтүнүп жатабыз. Арабызда 20 жылдан бери эмгектенип жүргөн айдоочулар бар, алардын кээ бирлери КамАЗ унааларын насыяга алып, жан баккандар. Көмүр ташуу кызмат акысы арзан болгондуктан насыяны дагы төлөй албай жатабыз», - деди айдоочу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1159
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×