Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Нарын

Нуржан Усупова Нарында «Жылдын мыкты мугалими-2018» сынагын жеңип алды (фото)

Turmush -  Нарын районундагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин мугалими Нуржан Усупова «Жыл мугалими-2018» сынагына катышып, баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка райондордон тандалып келген алдыңкы мугалимдер катышты. Алар саламдашуу,тест аркылуу билим деңгээлин текшерүү, өз өнөрлөрүн көрсөтүү жана сабактардын фрагменттерин көрсөтүү тапшырмаларын аткарышты. Калыстардын чечими менен жеңүүчүнүн аткарган тапшырмаларына жогору баа берилген.

Айрыкча сабак өтүүдөгү тажрыйбасы калыстарды кайдыгер калтырган жок. Нуржан Усупова мектепте башталгыч класстардын мугалими. Ал мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөндүктөн, ата-энесиндей мугалим болуп иштөөнү эңсечү. Анын кыялы ишке ашып, жогорку окуу жайын бүтүп, өзү билим алган мектебине ишке орношкон. Алгач өзүн окуткан мугалимдер менен бирге иштөө ал үчүн кыйынга турган. Бирок бат эле агай-эжелери менен аралышып кетти. Агай-эжелеринин сабактарына катышып, тажрыйбаларын үйрөнүү ишинин алга жылышына чоң жардам болгон.

Жыл башынан бери өзүнүн күчүн сыноо максатында сынакка катышууга даярданып келген. Анын талбаган даярдыгы өз жемишин берип, сынакта жеңүүчү болду. Ага уюштуруучулар тарабынан 1-даражадагы диплом берилип, республикалык турга катышууга жолдомо берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1711
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×