Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуНарын району 12.06.2018 16:08

Элет көйгөйү: Сегизинчи Мартта жер алдынан чыккан суу турак үйлөрдү жарактан чыгарууда (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Ак-Кудук айыл өкмөтүндөгү Сегизинчи Март айылында жер алдынан чыккан суу айыл тургундарынын турак үйлөрүн жараксыз абалга алып келүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, тоодон түшкөн суу жерге кирип, кайра айыл жайгашкан жерден чыгууда.

«Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 45 жыл болду. Үч жолу жер которуп, үй салууга туура келди. Биздин үй эле эмес айылдагы мектептин бери жагындагы башка турак жайлар дагы жарактан чыгып жарылууда. Кийинки салган тамыбызга 8 жыл болду. Бирок бул үйүбүз салынгандан кийин, тактап айтканда 2 жылдан кийин эле жарылды. Балдарым жайкысын мал менен тоого кетет. Аргасыз жашоого мажбур болуп жатабыз. ӨКМ тарабынан кайтарымсыз 50 миң сом каражат алганбыз. Андан кийин даттанууга болбойт дегенинен эч жакка барбай эле отурабыз. Алган 50 миң сомго ушул тамды салганбыз, бул акча деле эч нерсеге жетпейт экен. Президент Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу бизге арзан насыяларды 5-6 жылга берсе, жаңысын салып алат элек», - деди айыл тургуну Букум Карагулова.

Айылдын дагы бир тургуну Мирбек Ырыскелдиев 15 жылдан бери ушул көйгөй менен жашап келе жаткандыгын билдирди.

«15 жылдан бери бул көйгөй чечилбей келет. Ушинтип эле суунун үстүндө жашап жатабыз, там салсак эле жарылып жатат. Кайра-кайра эле там салганга акча каражат дагы жетишпейт экен. Башка жерден жер алып там салалы десек, жаш жубайларга дагы жер жок болуп жатат. Биздин маселебизди жеринде карап, жогору жактагылар чечип беришсе жакшы болот эле», - деди Мирбек Ырыскелдиев.

Ал эми Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Рыскелдиев жердин астынан көтөрүлгөн суулардын алын алуу үчүн латок куруу керектигин жана айыл ичине дренаж казылганына карабай жер алдындагы суу айыл тургундарына көйгөй жаратып келе жаткандыгын билдирди.

«Жер алдындагы суу айылдагы 25 түтүндүн турак жайына залакасын тийгизди. Тоодон түшкөн сууга 2 чакырым жерге латок коюп, эгин талаага алынып кетсе жакшы болмок. Латоктун жоктугунан суу сайга сиңип, ошол суу айыл турган жерден чыгып баткак, сазга айланып жатат. Азыр бул жарылган турак үйлөрдүн ээлерине башка жерден там салууга жер берели десек, жер жок. Айласы жоктон эле ошол жарылган тамдын жанына жаңы турак үй курууга аргасыз болуп жатышат. 2013-жылы айылдын ортосунан, башынан 400 метрдей дренаж казылган, ал дагы жабык түрүндө эмес ачык түрүндө казылып, тайыз болуп калган. Негизи жабык типте болушу керек эле.

10 жылдан бери ушул көйгөй менен жашап жатабыз. Азыр бул боюнча тийиштүү жетекчилер келип жерден көтөрүлгөн сууну азайтуу жана болтурбоо үчүн тийиштүү иштерди аткарып жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×