Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Элет көйгөйү: Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында маданият үйү жок жана жолдору оңдоло элек (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын тургундары айылында 23 жылдан бери маданият үйүнүн жоктугуна жана айыл ичиндеги жолдордун начардыгына нааразы. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну А.Акунбеков билдирди.

«Биздин айылда мурун маданият үйү бар болчу. Ал союз таркагандан кийин 1994-1995-жылдары бузулуп, жок болгон. Ошол жылдан бери концерттик иш-чараларга бара элекмин. Концерттерге аябай кызыгып, баргыбыз келет. Чакан концерттик иш-чаралар болуп калса, мектептин ичиндеги залда уюштурулат. Ичи тар болгондуктан, барыбыз эле бата бербейбиз. Маданият үйү жоктугуна байланыштуу кээде Ат-Башыга кызыктуу концерттер келсе, бала-чакабыз менен барып көрүп келебиз», - деди ал.

«Көптөн бери жолубуз начар абалда. Жок дегенде айылдын көркү болгон борбордук жолубузду оңдоп коюшса жакшы болот эле», - деди Акунбеков.

Айыл өкмөт башчысы Нурлан Турдубековдун айтымында, маданият үйүн курууга айыл аймактын бюджети жетпейт.

«Айылыбыздагы маданият үйү бар болчу. Кийин 2005-жылы толугу менен бузулган. Чындыгында айылга маданият үйү керек. Бирок салууга бюджетибизде акча каражат жетишсиз болуп, чоң имарат кура албай келебиз. Учурда аракет кылып, долбоорлор менен иштеп жатабыз. Жолдор болсо быйыл ишке берилип, оңдоло баштады», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1214
Көп окулду
×