Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Күндүн сүрөтү: Боштондукка умтулган боз чымчык эңсеген эркиндигине учуп кетти (фото)

Turmush -  Эркиндик жеке эле адам баласына гана эмес, бардык тирүү жанга, жан-жаныбарга деле керек эмеспи. Адам баласы эркиндиктен кантип, кайсы учурда ажырайт? Ал баарына белгилүү. Айрым адамдар ак жеринен, кимдир бирөөнүн кыянатчылыгынан, айрымдары акыл калчабай, кылган кылмышынан, айрымдары чыркырап айткан чындыгы жана акыйкаттуулугунун артынан темир тор ичине кирип, эңсегени эркиндик. Аттиң, бирок аларга эркиндик сезилип, көрүнүп турса дагы, колун сунса дагы жетпей келет.

Кечээ, 10-июнда Ак-Талаа районунда мөндүр аралаш жааган жамгырдан коргологон боз чымчык, сарайдын терезесинин сынып калган үстүнкү айнегинен ичкери кирип, эки кат терезенин ортосуна түшүп калып, кайра тар жерде канатын кагып, жогору уча албай, эркиндикти эңсеп, боштондукка умтулган боз чымчык байкуш бирөөгө кымындай зыянын тийгизбей же эч бир кылмыш кылбай эркиндиктен ажырады. Эркиндикти айнектин ичинен көрүп турса дагы, айнектин сыртындагы эркиндикке жетпей, чыйпылдап, ары-бери урунуп, көрүнүп турган боштондукка умтулуп, канатын каккылап, айнекке чапкылап тыбырчылайт, кургур. Кайдыгерликке салып, көңүл бурбай, карабай койсом өлүп калат беле байкуш. Бирок, анын чыйпылдап, эркиндикке учуп чыккысы келип жатканын көрүп, суу талды сындырып алып, башын бир аз ийип, айнектин сыныгынан чымчыкка карай талдын башын жакындатып, ага кондурууга аракет жасадым. Терезени алайын десем, аны дагы катуу бекитип салыптырмын. Ошентип, бир топ убаракерчилик менен алпурушуп жатып, акыры боз чымчык талдын ийилген учуна конуп берди. Чыбыкты акырындан өйдө тартып баштадым. Эркиндикке мындан башка жол жок экенин сездиби же мага ошондой сезилдиби, айтор кыскасы чыйпылдап чыбыктан түшө качкан жок, негедир. Акыры, айнектин сынган жерине жеткенде гана бир «чыйп» этти дагы, эңсеген эркиндигине канатын күүлөп, учуп кетти. Бир «чыйп» эткенин «ыраазычылыгы» катары кабыл алдым да, кала бердим.

Адилет Сагыналы уулу, Ак-Талаа району.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 746
Көп окулду
×