Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Нарын

Айыл турмушу: 18 жаштагы Кайрат окуудан сырткары кошумча киреше табууну өздөштүрдү (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Кочкор айылынын 18 жаштагы тургуну Кайрат Нурланов окуудан сырткары устачылык менен алектенип, кошумча киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал учурда Кара-Тоо айылындагы №15 кесиптик лицейде окуйт.

«Устачылык менен алектенип жатканыма 1 жыл болду. Дарбаза, эшик, темир тор, мангалдарды жасайм. Мектепте окуп жүргөндө эле бул ишке кызыгып, ушундай буюмдар кандай жасалат болду экен деп кызыкчумун. Кийин окууга тапшырып, кандай жасаларын адистерден үйрөндүм. Кийин өз алдынча жасап көрүүнү чечип, бул ишти баштап кеттим», - деди ал.

Анын айтымында, анын ар биринин баасы ар кандай жана жасалышына жараша бааланат.

«Таштанды салган үкөкчөлөрдү 4 миң сомдон, дарбазаларды 40 миң сомдон, мангал 7 миң сомдон, темир торду 10 миң сомго баалап сатам. Окуудан тышкары иштеп, айына 15 миң сом табам. Эми окуумду аяктасам, бул ишти кеңейтип, чакан бизнес түптөөнү пландап жатам», - деди К.Нурланов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 733
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×